Биз жөнүндө
Жайма — Кыргызстан үчүн жасалган заманбап жарыя тактасы. Аты жайма базардан келет: ар ким өз товарын жайып салып, сатып алуучусун табат.
Биздин максат — жөнөкөй: жарыя берүү 2 мүнөттөн ашпасын, издөө так иштесин, дизайн көзгө жагымдуу болсун жана эч кандай ашыкча жарнама тажатпасын.
Сатуучу менен түз байланыш: телефон чалуу же ички чат. Ар бир сатуучунун рейтинги жана пикирлери ачык — кимден алып жатканыңызды билесиз.
Жайма Бишкекте жасалууда жана күн сайын өнүгүүдө. Сунуш-пикириңиз болсо — жазыңыз, биз окуйбуз.