Коопсуздук кеңештери
Алдамчылардан сактануу үчүн ушул жөнөкөй эрежелерди сактаңыз:
- Товарды көрбөй туруп эч качан алдын ала акча которбоңуз — «брондоо», «жеткирүү үчүн» деген шылтоолорго ишенбеңиз.
- Жолугушууну элдүү, жарык жерде өткөрүңүз. Кымбат буюм алсаңыз, жаныңызга бирөөнү ала барыңыз.
- Товарды жеринде жакшылап текшериңиз: телефонду күйгүзүп, унаанын документтерин салыштырып көрүңүз.
- Банк картаңыздын маалыматын, SMS-коддорду эч кимге айтпаңыз — «Жайманын кызматкери» деген адам да сурабайт.
- Базар баасынан кескин арзан жарыялар — көбүнчө тузак. Сатуучунун рейтингин жана пикирлерин караңыз.
- Шектүү жарыя көрсөңүз — сатуучу менен ички чатта сүйлөшүп, далилдерди сактаңыз.